1–6-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну Айбек Касманбетов азербайжан күрөшү боюнча Кыргызстандын намысын коргоп, коло медаль тагынды. Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.


Айбек Касманбетов 1992-жылы Коңорчок айылында туулган. Ал эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп, азербайжан күрөшү боюнча мелдеште 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.
Балбан буга чейин да бир катар спорттук ийгиликтерди жаратып келген. Алсак, 2019-жылы Японияда өткөн сумо күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеген.
Кезектеги жеңиши менен Айбек Касманбетов Кыргызстандын спорттогу аброюн эл аралык аренада дагы бир жолу татыктуу көрсөттү.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова