Кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгү — атадан балага өтүп, кылымдар бою сакталып келген баалуу мурас. Бүгүн аны улантып, заманбап шартта өнүктүрүп, кийинки муунга өткөрүп берүүгө жергиликтүү кол өнөрчүлөр чоң салым кошууда. Алардын бири Бүбүжамал Искендерова. Ал бала кезинен түймө түйүүгө кызыгып, кийин бул өнөрдү чакан ишкерликке айландырган.
Бала кезден башталган кызыгуу
Бүбүжамал Искендерованын кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусу бала кезинен башталган. Айрыкча түймө түйүүгө кызыгып, улуттук буюмдарды жасоонун сырларын үйрөнүүгө аракет кылган.
Анын улуттук өнөргө болгон кызыгуусун 30 жашында жасаган боз үйү да айгинелейт. Боз үйдү жасап, тигип-көтөрүү чоң эмгекти, чыдамкайлыкты жана улуттук салтты терең билүүнү талап кылат. Бүбүжамал бул ишке кызыгуу менен киришип, өзүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн сынаган.
Бирок турмуштун түйшүктөрүнө байланыштуу бир мезгилде түймө түйүүнү токтотуп койгон.

Телефон кайрадан унутта калган өнөргө жол ачты
Убакыт өтүп, технология өнүккөн сайын анын кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусу кайра жандана баштаган. Интернеттен түймө түйүүнүн ыкмалары тууралуу видеолорду көрүп, мурда билгендерин эстеп, жаңы ыкмаларды үйрөнгөн.
«Видеолорду көрүп отуруп, кайрадан кызыгуум артты. Мурун билгендеримди эстеп, билбегендеримди үйрөнүп, кайра түймө түйө баштадым», — дейт Бүбүжамал Искендерова.
Алгач жасаган буюмдарын туугандарына белек кылып жүргөн. Кийин анын эмгегине кызыккандар көбөйүп, даяр буюмдарын сатып алууну каалаган кардарлар чыга баштаган. Ошентип, жөн гана хобби болгон иш акырындык менен чакан бизнеске айланган.

Өнөрдөн — киреше, кызыгуудан — чакан бизнес
Бүгүн Бүбүжамал Искендерова түймө түйүүнү бош убактысын өткөрүүнүн бир жолу катары гана эмес, киреше алып келген иш катары да өнүктүрүп келет. Кардарлардын саны көбөйгөн сайын жасаган буюмдарынын түрүн да кеңейтүүгө аракет кылууда. Анын айтымында, кол эмгеги менен жасалган улуттук буюмдарга кызыгуу бар.
Бир караганда жөнөкөй көрүнгөн түймөнүн артында көп убакыт, эмгек, чыдамкайлык жана кылдаттык турат. Ар бир буюмду жасоодо кол өнөрчү анын сапатына жана көркөмдүгүнө өзгөчө көңүл бурат.

Көчмөндөр оюндары — өнөрдү тааныткан чоң аянт
Бүбүжамал Искендерова үчүн кол өнөрчүлүк — киреше табуунун гана жолу эмес. Ал өзүнүн өнөрүн жайылтып, жаштарга үлгү болууну да максат кылат. Ушул максатта ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өз демилгеси менен катышкан. Кырчын жайлоосунда өткөн иш-чара ага кыргыздын улуттук маданиятына жана кол өнөрчүлүгүнө болгон кызыгууну жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Кол өнөрчү иш-чаранын жүрүшүндө бир катар сыйлыктарга татыган. Мындан тышкары, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген уздар менен тажрыйба алмашып, алардын эмгектерин көрүп, жаңы ыкмалар менен таанышкан.
«Кырчындан менден да күчтүү, кыйын өнөрчүлөрдү көрдүм. Алардын иштерин көрүп, тажрыйба алмашып келдим», — дейт ал.
Анын айтымында, Көчмөндөр оюндары кол өнөрчүлөр үчүн өз эмгегин элге көрсөтүп гана тим болбостон, бири-биринен тажрыйба үйрөнүүгө шарт түзгөн чоң аянт болду.

«Үйрөнөм деген жаштар болсо, үйрөтөм»
Бүбүжамал Искендерованын негизги көйгөйлөрүнүн бири — кол өнөрчүлүккө кызыккан жаштардын аздыгы. Анын айтымында, азыр жаштардын көпчүлүгү заманбап технологияларга, башка кесиптерге кызыгып, кол өнөрчүлүктү үйрөнүүгө убакыт бөлө бербейт. Ошол эле учурда бул өнөрдү үйрөнүүгө чын ниети менен кызыккан жаштар болсо, аларга билгенин үйрөтүүгө даяр. «Бул өнөрдү үйрөнөм, алып кетем дегендер болсо үйрөтөт элем», — дейт ал. Бул сөздүн артында кол өнөрчүлүктү сактап калууга болгон чоң каалоо турат. Анткени ар бир өнөрдүн келечеги аны кийинки муунга ким өткөрүп берерине байланыштуу. Кол өнөрчү үчүн түймө түйүү — жөн гана жипти чырмоо эмес. Бул — кыргыздын улуттук маданиятынын бир бөлүгү, аялзатынын колунан жаралган чыгармачылык жана ата-бабадан калган өнөрдү улантуу.

Өнөрдү сактоо — аны үйрөтүүдөн башталат
Бүгүн Бүбүжамал Искендерова күн сайын колуна жип алып, түймө түйүп келет. Бир кезде токтоп калган өнөрүн кайра жандандырып, аны чакан бизнеске айлантып, ошол эле учурда жаштарга үлгү болууга аракет кылууда. Анын тарыхы бир нерсени далилдейт: адам чын дилден кызыккан ишин кайра жандандырып, аны киреше алып келүүчү ишке айланта алат. Ал үчүн кызыгуу, эмгек жана тынымсыз изденүү керек. Ал эми «Көчмөндөр оюндары» сыяктуу чоң маданий иш-чаралар мындай өнөр ээлерине өз эмгегин элге көрсөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана улуттук кол өнөрчүлүктүн баалуулугун дагы бир жолу сездирүүгө шарт түзөт. Кол өнөрчүнүн тилеги — өзү билген өнөрдү жалгыз алып калбастан, аны үйрөнүүгө кызыккан жаштарга өткөрүп берүү. Анткени кол өнөрчүлүк жашаган жерде улуттук мурас да жашайт. Ал эми өнөрдү билген адам аны кийинки муунга үйрөткөндө гана мурас үзүлбөйт.

Бурул Майрамбек кызы