Ноокат районуна караштуу Кыргыз — Ата айыл өкмөтүндө Ош облусу боюнча эл аралык күрөш болуп өттү. Ага Кулатов — Келечек спорт клубунан да балбандар катышып алдыңкы орундарды ээлешти.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын жаш спортчусу Марлен Абдысаматов күрөш менен 9 жылдан бери машыгып келет. Жакында өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүcү болуп, алтын медалдын ээси болду.
Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндө эркин күрөш багыты боюнча мелдеш өткөрүлдү. Күрөш оюндарына айыл өкмөт тарабынан 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилип жана жеке демөөрчүлөр да болду.
Турнир Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Темирбек Аруун уулу тарабынан уюштурулуп, райондук спорт мектеби тарабынан жетектелди. Оюндун башында Тогуз -Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы Урмат …
Нагира Сарбашева Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева мектебинде дене тарбия мугалими, жергиликтүү кеңештин депутаты, дзюдо боюнча машыктыруучусу. Бир баланын энеси.
2022-жылдын 28-ноябрында Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби жаңыланып ачылды.
Айсулуу Тыныбекова 2 жолку дүйнө чемпиону Кочкор айылында Турдакун Усубалиевдин элесине арналган эркин күрөш боюнча турнирге конок болуп кетти.
Ак-Талаа районунун Баетов айылында күрөш боюнча ардагерлер арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алган Капарбек уулу Билимбекти тосуп алышты. Тосуп алуу салтанатына айыл тургундары, жаштар, кесиптештери жана жергиликтүү бийлик …
Ак-Талаа районундагы “Тайлак баатыр” балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Капарбек уулу Билимбек Грузия шаарында өткөн ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалга ээ болду.
Тогуз-Торо айыл аймагына караштуу Иманберди уулу Иса мектебинде Мурзалиев Токон балбандын жаркын элесине арналган «Эркин Күрөш» боюнча 4-турнири өттү.
Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы №7 Сатыбалдиев орто мектебинин 7-классынынын жана 11-классынын 2 окуучусу, Тогуз-Торо районунан чыккан, балбан Мырзаалы уулу Токондун жаркын элесине арналган күрөшкө катышып ийгиликтүү орундарга жетишип келишкен.
Лейлек районунун Андарак айылында жаңы күрөш залы ачылды. Эми балдар үчүн шарт түзүлүп, спорт менен алектене башташты.