Турнир Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Темирбек Аруун уулу тарабынан уюштурулуп, райондук спорт мектеби тарабынан жетектелди. Оюндун башында Тогуз -Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы Урмат Токтожумаев, спорт чебери Азиз Күйкеев, айыл аксакалдары сөз сүйлөшүп, айыл имамы тарабынан маркумдун арбагына багыштап куран окуу менен башталды.
Күрөшкө райондогу орто мектептердин окуучулары катышып 12 салмакта килемге чыгышты. Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө айыл өкмөтү тарабынан дипломдор жана медалдар тапшырылып, балбандын уулу Тынчтык Мурзалиев тарабынан атайын белектер берилди.
Оюнда Чет-Булактан келген кичинекей балбан кыз Рабия Ашырова баарынын көңүлүн бурду. Келечектеги Айсулуу Тыныбекова болоору шексиз деген пикирлерин билдирип өтүштү.
Албина Бейшеналиева