Тогуз-Торо районунда социалдык контракт алган үй-бүлөлордүн иши тууралуу жергиликтүү бийлик таанышуу ишин жүргүздү.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов администрация башчысынын орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Эмил Артыкбаевдер болуп, Каргалык айыл өкмөтүнүн жашоочулары Аида Байзакова «Мобилдик телефон сатуу магазинин ачуу», Жазгүл Салямова «Тоок өстүрүү», Перизат Турдумамытова, Айзат Оморовалар «Тигүүчү машина алуу», Бермет Калдыбаева «Сулуулук салон ачуу» долбоорлорунун кандай иштетип жатканы боюнча мониторинг жүргүзүп келишти.
Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы 385 «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы райондогу аз камсыз болгон балдары бар үй-бүлөлөрдүн ай сайын үй -бүлөгө көмөк алуучуларга социалдык келишимдин негизинде бир жолу 100 000 сом өлчөмүндө берилет.
Бул каражат кайтарымсыз каражат болуп эсептелет. Мамлекет тарабынан кайтарымсыз берилген каражаттар, ишкерликти түптөөгө салымын кошуп жатат дешет колдонуучулар.
Белгилей кетсек, аталган үй-бүлөлөр 100 000мин сом алгандан кийин 3 жылга чейин мамлекет тарабынан берилген жөлөк пул ала алышпайт.
Албина Бейшеналиева