Айзейне Жыртакова Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылынын тургуну. Бир топ убакыттан бери балчылыкка кызыгып жүргөн каарманыбыз былтыркы жылы бал челек сатып алып, үй-бүлөсү менен иш баштаган. Балчылыкты таанышыбыздан үйрөндүк деген Айзейне аарылар тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.
“Бир таанышыбыз көп жылдан бери аары кармайт. Ошого барып жанында көп жүрүп үйрөндүк, интернеттен маалымат топтодук. Балчылыктын татаал жагы дагы бар экен. Учурунда эмдөөсүн берип, тилин билгенге аракет кылыш керек экен. Кызыктуусу таң эрте эки чалгынчы аары жер кезип, кайсы жерде гүл көп, чөп бар экенин билип келишет. Анан аарылар ошол жерге барып бал топтойт. Ал эми башка челектин аарысы адашып башка челекке кирип кетсе анын балын ошол жерге төктүрүп, башын кесип салышат. Бир аары бир сезондо бир кашык бал топтойт, анан өлөт”.
Айзейне Жыртакова социалдык келишимдин негизинде мамлекеттен 100миң сом каражат алган 49 айымдын бири. Ак-Талаа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү секторунун башчысы Манас Молдалиевдин айтымында адамдардын кыйын кырдаалдан чыгуусуна көмөк көрсөтүүгө багытталган бул долбоор бир канча айымдын ишкерлик кылуусуна жол ачты.
“Социалдык долбоор ишкердүүлүк үчүн жол ачты десек болот. Себеп дегенде өз алдынча ишкерлик кылууга акча каражаты жок болчу да. Үстөгү жок 250миңге чейин каражат берүү боюнча дагы бир долбоор даярдалып жатат. Көбүрөк пайда алып келген жагын карап көргүлө деп жатабыз”.
Каарманыбыз райондун аймагында балчылыкка аралашып, бул жаатта ишкерлик кылууга аракет кылган жалгыз айым. Социалдык келишим чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди деген Айзейне айым балдын мезгилге жараша өзгөчөлүгүнө токтолду.
“Бал чон киреше булагы. Аарыдан коркпогонго, денеге конгондо чочутпаганга аракет кылыш керек. Чочутсаң жабылып келип чагат. Балдын жаздагы чөптөн чогулганы дарылык касиетке ээ , суюгурак, салмагы жеңил жана таттуусу азырак. Ал эми жайда орточо, күздө таттуу жана коюу болуп, даамдуу болот. Бул түйшүктүү иш экен. Түнкүсүн уктап жатканда бир жерден экинчи жерге көчүргөн оор. Кышкысын азыгын берип карап туруш керек. Бал челекти көбөйтүп, сыртка чыгарсак деген максатыбыз бар”
Кыргыз балы дүйнө жүзүндөгү эң мыктылардын катарына кирет жана дарылык касиети күч болгондуктан базардагы баасы 500 сомдун тегерегинде. Райондук эмгек, жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын сектор башчысы Манас Молдалиев балчылык кирешелүү тармак экенин белгиледи.
“1кг балдын баасы 450-500 сом болсо, 1тонна бал өндүрсө, сатса 450-500миң болот. Ал эми долбоор аркылуу алган каражат 100миң. Буюрса ишкердүүлүктөн салым төлөмдөрү түшүп турат. Бул экономикага пайда алып келет”
Аялдардын эмгек рыногуна катышуусу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү менен каржылык абалын көзөмөлдөөгө жана жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жол ачат. Ошол себептүү идеяны сунуштап, коркпой баштоо маанилүү.
Барчын Мамытбекова