Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын тургуну Салима (аты өзгөртүлдү) жолдошу менен уулуна депозит ачып, ал мектепти аяктаган соң бир бөлмөлүү батир алып беришкен.
Салима депозит ачуу идеясы банкта кезек күтүп отургандан башталганын айтат. Депозит ачып, ай сайын банкка акча салып турушкан. Эң минималдуу толуктоо акча 2 000 сомду түзсө, максималдуу 100 000 сомго жеткен.
“Башында менин депозит жөнүндө түшүнүгүм жок эле. Бир күнү банкта кезек күтүп отуруп, жанымдагы эжелердин депозит жөнүндө сүйлөшүп жаткандарын угуп калдым. Кезегим келээри менен дароо адиске кайрылып депозитти кантип ачат, кантип акча салат деп тактап сурап алдым. Үйгө келип жолдошум менен кеңешип, депозит ачууну пландадык. Ал кезде 16% менен ачканга мүмкүн болчу, азыр 12% сунушташат экен. Акчаларыбызды чогулта баштадык. Шартка жараша айына 2 000ден 100 000 сомго чейин салып жаттык. Эч бир акчам ашпай калды дегенде 2000 салчумун, жолдошум мал менен иштегендиктен көбүрөөк сумманы ал салып турду. Ошентип, 20 жылдан ашык убакытта чогулта бердик. Уулубуз мектепти аяктаган соң чет өлкөгө окууга жиберебиз деп ойлонуп жүрчүбүз, бирок уулум борбордогу окуу жайды тандап, ал жакка өтүп кетти. Ал эми чогулган акчабызды банктан алып, үстүнө бир аз акча кошуп, уулубузга бир бөлмөлүү батир алып бердик.
Депозитти дагы деле улантып жатабыз. Азыр мектепте эки балабыз окуйт. Алардын келечегине деп кайрадан акчаларыбызды депозитке салып баштадык.”
Депозиттик акчаны салууда эмнеден баштоо керек?
Депозит – бул жеке жана юридикалык жактын пайыз түрүндө киреше алуу үчүн банкка берген акчасынын суммасы. Депозит үчүн пайыздар келишимдин негизинде финансылык операциялардын жүрүшүндө түзүлөт. Анын жылдык пайызына карап жана банктын туруктуулуга карап акча салуу маанилүү.
Мамлекеттик банктарда депозиттин жылдык киреше пайызы сомго карата орто эсеп менен 10-11%, жеке менчик банктарда орто эсеп 12-13 % түзөт. Депозиттик акчанын баштапкы төгүмдүн минималдык суммасы 5 000 сомду, ал эми кошумча төгүмдүн минималдык суммасы 1 000 сомду түзөт. Кошумча төгүмдү кардар каалаган убакта жүргүзө алат. Төмөндө бир жылда баштапкы төгүм 5 000 сом жана ай сайын кошумча төлөмдөрдү жүргүзүү менен канча акча чогулаары тууралуу билсеңиз болот. (Сүрөттөгү көрсөткүчтөр болжолдуу банк адиси тарабынан эсептелинди)

Ал эми кийинки сүрөттө кардар бала төрөлгөндөн тартып депозит ачып жана ай сайын белгилүү бир суммада акча каражатын толуктай турган болсо, 18 жылда бала миллионер болот.

Депозитти ар түрдүү багытта жана убакытка жараша ачса болот. Банктарда бул багытта ар түрдүү сунуштарды айтышат. Көпчүлүк учурда жеке адамдар үчүн пенсиялык, балдар үчүн жана мөөнөттүү депозиттер ыңгайлуу.

Акча каражатын туура пайдалануу үчүн адамдар каржылык сабаттуулукка ээ болуусу керек. Салима өзүнүн тажрыйбасынан улам акчаны кантип туура колдонсо болот деген суроого төмөндөгүчө жооп берди:
“Акчаны туура максатта колдонуу үчүн астыга туура максат коюу керек. Айлык алганда сөзсүз белгилүү бир бөлүгүн чогултууга коюу керек. Калганын күнүмдүк керектүү нерселерге жумшаса деле жетет.

Салима ай сайын ала турчу азык-түлүгүн жана керектүү буюмдарын ушундай кылып тизмелеп алат
Мен мисалы базарга барганга чейин тизме түзүп алам. Базарга барганда бардык нерсени алгың келе берет эмепси, а тизмеде керектүү гана нерселер жазылат. Ошону гана алганга аракет кылам. Үстү-үстүнө кийим сатып ала бербейм. Эгерде базардан бир нерсеге кызыгып калсам, орусча айткандай, “Смертельно ли мне это нужно?” деп өзүмө суроо берем дагы ансыз деле оокат кылса болот да деп кетип калам. Бир жолу колдонулуучу буюмдардан баш тартам. Мисалы, пластик чара сатып алгандын ордуна, темир чара сатып алып көп жыл колдоном.”

Кубаныч Мусуралиев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиев депозит ачуунун актуалдуулугу, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

“Адамдар үчүн депозит ачуу абдан ыңгайлуу жана актуалдуу. Ар бир коммерциялык банк кардарга депозит ача алат. Ал үчүн кардар паспорту менен банкка кайрылып, келишимдин негизинде кыска же узак мөөнөткө депозит ачтырса болот. Мөөнөткө жараша дагы пайыздык чен ар кандай болот. Азыркы финансылык базарда 12%дан 15%га чейин депозит ачуу мүмкүн.
Депозиттин да түрлөрү көп. Мисалы, айымдар үчүн, балдар үчүн, пенсиялык, капиталдык, мөөнөттүү ж.б. Ар бир адам өзүнүн финансылык максатына жараша өзүнө депозиттик продуктыны тандаса болот. Мисалы, ата-энеси балдарга депозит ача турган болсо, ал чогулган акча баланын ЖОЖго тапшыруу үчүн контрагын төлөгөнгө жумшалышы мүмкүн. Ошондой эле, балдардын чет өлкөгө барып билим алуусуна, же болбосо турак жай же башка чоң нерсе сатып алууга, чогултууга жана финансылык дисциплинага салууга жардам берет.”

Финансылык дисциплинага түшүү үчүн үй-бүлө мүчөлөрү иштеп тапкан акча каражаттарды туура бөлүштүрүү керек. Мисалы, үй-бүлөлүк бюджеттин 50% күнүмдүк керектелүүчү чыгымдарга, азык-түлүккө жумшалса, 30% кийим же буюм сатып алууга, ал эми калган 20% депозиттик акчага салынуусу маанилүү. Себеби, 10 жыл аралыгында 20% дан чогулган акча каражаты көлөмдүү акча болуп топтолот.
Акылай Алмазбекова