Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан Восточный айылындагы мектептин окуучулары арасында «Манас» эпосундагы улуттук оюндар боюнча иш- чара өткөрүлдү.
Аталган иш- чара башталгыч класстын окуучулары арасында өткөрүлүп, ачык асман алдында тестиер балдарга ылайыктуу кыргыз улуттук оюндары ойнотулду. Бул айылдын 99% кавказ эли болгондуктан окуучулар кыргыз оюндарынын окшоштуктарын салыштырып жатышты. Мектепте 30 жылдан ашуун эмгектенген кыргыз тили мугалими Раиса Кожомкулова окуучуларга оюндун шарттары боюнча айтып, түшүндүрмө берди;

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Раиса Кожомкулова
«Кыргыздар байыртадан эл болуп жаралгандан бери ар кыл доорлорго, мезгилдерге, ошол учурдун социалдык турмуш шартына ылайык оюндарды жаратышкан. Элибиз ал кезде канчалык көчмөн өмүр сүрүп, сабатсыз болгонуна карабай калың калктын башынан өткөргөн өмүр элесин, тарыхын унутпай, оюн өнөрүндө калтырып, келечек урпактарга мурас катары сактап келишкен.»

Аркан тартыш оюну
Кыргыз элдик педогогикасынын нукура үлгүлөрүн, жоболорун, кыргыздын улуттук
педогогикалык таалим-тарбия берүүчү эрежелерин “Манас” эпосунан дагы көрүүгө болот.

4-класстын окуучусу Нурел классташтарына ордо оюнун үйрөтүүдө

Кыргыз улуттук оюндары жөнүндө класстык сааттар өткөрүлүп, окуучулар улуттук кийимдерди сыймыктануу менен кийип жүрүштү.

Ачык асман астындагы класстык саат
Мектеп директору Кемпирбек Эрмеков иш чаранын соңунда мугалимдердин иш аракетине баа берип сунуш айтты:
«Келечек муундарга “Манас” эпосунун тарыхый-фольклордук маанисин оюн аркылуу түшүндүрүү абдан натыйжалуу. Жаш жеткинчектерге “Манас” эпосу жана андагы асыл саппаттарды улуттук оюндар аркылуу таанытсак болот.
Кыргыз эли балдарын жаш чагынан ыкчам, чыдамкай болууга согуш учурунда колу сынса, колун моюнуна таңып, буту сынса канжыгасына байлап алып уруушууга даярдашкан. Согуш өнөрүн кыргыз эли балдарына оюн түрүндө жаш кезинен баштап үйрөтүшкөн. Манас өзү баш болуп ойногон кыргыздардын-аскердик патириоттук оюндары “Ордо”, “Жамбы атыш”, “Эр сайыш”, “Эр эңиш”, “Ат чабыш”, “Жаа тартмай”, “Көк бөрү”, “Балбан күрөш” жана акыл оюндары “Тогуз коргоол”, “Чатыраш” оюндарын ойноп келген
Улуттук оюндар аркылуу балдардын аң-сезимин, ойлонуусун өнүктүрүүгө, келечек муунду элдик каада-салттарга, үрп-адаттардын негизинде тарбиялоого болот.»
Чындыгында, элдик оюндар балдарды кеңири ой жүгүртүүгө, эс тутумун жакшыртууга, чыгармачылык менен элестете билүүгө, байкагычтыкка жана баамдагычтыкка, туруктуулукка, айлакердикке, эпчилдикке, ийкемдүүлүккө, тыкандыкка, тез тыянак чыгара билүүгө тарбия берүүчү каражаттардын бири катары болуп саналат.
Турсун Омуралиева