«Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпул берүүгө Суусамыр айылында алгачкы документтер тапшырылды.

Абдыкулова Асель Рысбековна
Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис “Суусамыр өрөөнү бийик тоолуу аймака киргендиктен биздин айылдын жашоочулары дагы бул жөлөкпулду ала алшат. Биздин өрөөндө беш айыл бар, алар Кызыл Ой, Тунук, Кожомкул, Биринчи Май жана Суусуамыр айылы, төмөндө айтылган айылдар толугу менен киргизилди жана бардык айылдын тургундары алат. Жөлөкпулду алуунун шарттарына кайрылсак, үч же андан көп балалуу жана жашы үч жашка чейинки үй-бүлөлөргө берилет. Андан тышкары жаран сөзсүз түрдө айылда жашашы керек. Эгер айылдан шар жака көчүп кете турган болсо бизге сөзсүз түрдө билдириши керек, жана ошол күндөн тарта каражат берүү токтотулат, бул сөзсүз текшерилчү маселе”.

Жергиликтүү элден керектүү докуметтерди чогултууга райондон атайын адистер келип, жөлөкпул алуунун шарттарын жана ошондой эле кандай документтер керек экени тууралуу маалымат берилди. Келген адистер бир күн бою Суусамыр айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте иш алып барышты. Чогулушка келген тургундардын, жөлөкпулду алууга арыздарын кабыл алышты. Алгачкы жөлөкпулду тургундар февраль айынан тарта ала башташат.
Айтурган Кубанычбековна