2023-жылы ACTED Kyrgyzstan тарабынан колдоого алынган “Экономикалык өнүгүү үчүн ак ниет башкаруу” EGED долбоорунуни алкагында Ош жана Нарын облусунун журналисттери жана блогерлери экономикалык журналистиканы өнүктүрүү боюнча бир катар окутуулардан өтүшкөн. Долбоор “Медиа сабак” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды.
Долбоордун жүрүшүндө аймактык журналисттер өлкөдөгү экономикалык абалдын өнүгүүсүнө салым кошуу, жарандардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу, кичи ишкерликти өнүктүрүп, үй-бүлөлүк бюджетти туура пландаштыруу, ыксыз чыгымдар жана жергиликтүү бюджеттин максаттуу колдонулушун көзөмөлдөө сыяктуу темаларга материал даярдашкан.
Жыйынтыгында “Усупбекстан” жамааттык медиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбекова даярдаган материал 1-орунду багындырды.
3-орунду “Куланак” жамааттык медиа борборунун жетекчиси Айзат Түмөнбаева жана “Тун-Ук”жамааттык медиа борборунун жетекчиси Барчын Мамытбекова даярдаган материалдар камсыз кылды.
“Медиа сабак” коомдук фондунун директору Айчүрөк Усупбаева экономикалык журналистика экономиканын өнүгүүсүндөгү жакшы бир факторлордун бири экенин белгилейт: “Пилоттук долбоордун негизинде Ош жана Нарындын журналисттерин, блогерлерин окуттук. Экономикалык журналистика региондордо аябай алсыз. Себеби политика жана социалдык багыттагы материалдар аябай көп, ал эми экономикалык материалдар аз. Экономикалык журналистика экономиканын өнүгүүсүндөгү жакшы бир факторлордун бири болуп эсептелет. Ошондуктан экономикалык журналистиканы мындан ары өнүктүрүүгө, жайылтууга умтулушубуз керек.”