Ветеринарлар-жаныбарлардын жашоосун жакшыртуу менен адамзаттын ден-соолугу үчүн кам көргөн адамдар. Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматынын Ак-Талаа райондук ветеринардык башкармалыгынын башкы инспектору Инават Макеилова бул кесипти тандап алганына жана атасынын берген кеңешине эч өкүнбөйт.
Инават Макеилова ветврач
“Башында вет врач болом дегенден уялчумун. Кийинчерек чоң жоопкерчиликти, мээнетти талап кылган кесип экенин билип жаңылбаганымы билдим. Эң ардактуу кесибим менен сыймыктанам. Өз жумушумду сүйгөндүктөн, жогорку окуу жайды жакшы окугандыктан иш үстүндө эч кыйналбайм. Малдарга жана фермерлерге жардамымды эч аябайм” деген Инават биринчи келген күнүн кубануу менен эстейт.
“Университетти бүтүп, дипломду колума алышымды күтпөй эле, бардык ветеринарияга тиешелүү мекемелерге жумушка орношуу үчүн резюме таштаганмын. Анан мени Ак-Талаа райондук ветеринардык башкармага чакырышты. Жумушка орношуу үчүн Нарындан Ак-Талаага сүйүнүч менен келгем. Ошондон бери ушул жерде эмгектенип келатам. Жумушума байланыштуу көп кызыктуу окуяларга күбө болобуз. Биз ветврач болгондуктан медициналык тилде ачык сүйлөшөбүз да. Агам мал кармагандыктан козуларды бычып бер деп калды. Макул деп козуларды өзүнө карматып бычып бердим. Агам абдан таң калган жана экинчи кармап бербей калайын деген»,-деп эскерди.
Барчын Мамытбекова