Тогуз-Торо районунда Ж.Кыдыров атындагы эс алуу паркында Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Каныкейдин жомогу» чагылдырылып, билим берүү кызматкерлери, окуучулар жана тарбиялануучулар, жалпысынан 1250 адам хор менен «Манас» айтышты.
Манас айтуу сынагында катышуучулар кыргыздын улуттук кийимдерин кийишип, комуз добулбас сыяктуу музыкалык аспаптар менен коштолду. Жыйынтыгында бардык катышуучуларга уюштуручуларга Тогуз-Торо райондук администрациясынын башчысы аким Мирлан Карагулов жана Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиевдер ыразычылыктарын билдирип кетишти.
Бул масштабдуу сынакка калыстык кылуу учун борбор шаарыбыздан Кыргыз улуттук Манас театрынын өкүлдөрү келип кыскача куттуктап, Манастан үзүндү айтышты.
Белгилей кетсек, бул иш-чара «Манас» эпосу жөнүндөгү» мыйзамдын жана президенттин 2022-жылдын 22-апрелиндеги «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы- «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек»эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.
Аэлита Илиязова