1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну, балбан Айбек Касманбетов Азербайжан күрөшү боюнча Кыргызстандын намысын коргоп, коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Нарын облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Айбек Касманбетов 1992-жылы Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында туулган. Ал эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп, спорттун ар түрдүү түрлөрү боюнча ийгиликтерди жаратып келет.
Бул жолку Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында азербайжан күрөшү боюнча күч сынашып, байгелүү үчүнчү орунду ээлеп, Кыргызстандын куржунуна коло медаль кошту.
Балбандын буга чейинки жетишкендиктеринин арасында да эл аралык мелдештердеги ийгиликтери бар. Алсак, 2019-жылы Японияда өткөн сумо күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында III орунду ээлеген.
Айбек Касманбетовдун бул жетишкендиги Ак-Талаа районунун гана эмес, жалпы Нарын облусунун спорт тармагындагы маанилүү ийгиликтеринин бири.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова