Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы №7 Сатыбалдиев орто мектебинин 7-классынынын жана 11-классынын 2 окуучусу, Тогуз-Торо районунан чыккан, балбан Мырзаалы уулу Токондун жаркын элесине арналган күрөшкө катышып ийгиликтүү орундарга жетишип келишкен.
Күрөш Тогуз-Торо районунун Казарман айылында өткөрүлүп, ага Тогуз-Торо районундагы мектептерден келип катышышкан. Күрөштөн 27килограмм салмакка таймашкан 7-классынын окуучусу Акылбек Саният уулу күрөш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

“Мен Саният уулу Акылбек. №7 Т.Сатыбалдиев орто мектебинин 7-классынын окуучусумун. Бул күрөш Мырзаалы уулу Токон деген Тогуз-Торо районунан чыккан балбан болгон экен, ошонун жаркын элесине арналган күрөшкө катыштым. Бул күрөштө 27 салмакка таймашып 1-орунду алдым,” –деп билдирди Саният уулу.
Ошондой эле, 64 килограмм салмакта күрөшүп жеңишке жетишип, жеңиш менен кайткан 11-классынын окуучусу Бекзат Исакбек уулу мындай дейт:“ Мен Исакбек уулу Бекзат. №7 Т.Сатыбалдиев орто мектебинин 11-классынын окуучусумун. Тогуз-Торо районунан чыккан Токон балбандын жаркын элесине арналган мелдеш болду. Мелдеште эки салмакта күрөштүм. Биринчиси 64 кг салмакта 3-орунду алдым. Ал эми абсолюттук салмакка күрөшүп 1-орунга жетиштим. 64 салмакка күрөшкөндө медаль, грамота менен сыйландым. Ал эми абсолюттук салмакта күрөшкөндө 1000сом акчалай сыйлык менен сыйландым. Күрөшүүгө көптөн бери даярданып жүргөм. Ошонун акыбети кайтты деп ойлойм,”-дейт Исакбек уулу.
Тогуз-Торо районунда жылына окуучулар арасында күрөш-мелдештер өткөрүлүп турат.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова