Базар-Коргон районунда «Бул жеңиш күн» акциясы болуп өттү.

Базар-Коргон районундагы айыл аймактарында Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына арналган «Бул жеңиш күн» аттуу акция болуп өттү.
Акциянын максаты эстеликтердин, мемориалдардын алдыларын тазалап, иретке келтирүү болчу.
Бүгүнкү акцияга Кенеш айыл аймагынан М.Алыкулов гимназия мектеби, Бешик-Жон айыл аймагынан М.Мамбеталиев гимназия мектеби, Сейдикум айыл аймагынан Жалал Асанов, Могол айыл аймагынан Сатыбалды Далбаев, Акман айыл аймагынан О.Палванов, Базар-Коргон айыл аймагынан Нишанбаев мектептери катышты.
Окуу усулдук кабинетинин башталгыч класс усулчусу Мурзаева Сабира- «Бүгүнкү «Бул жеңиш күн» аттуу акциясы аябай жакшы өттү. Мектептер активдүү катышышты. Тарыхы болбой эл болбойт демекчи биздин чоң аталарыбыз алып келген жеңиш күндү биз кийинки муундар эч качан унутпашыбыз керек. Акция окуучуларды патриоттуулукка, эли жери үчүн жанын аябаган ата-бабаларыбызды эч качан унутпай, алардын жаркын элесине арналган эстеликтерге кам кордук көрүп, тазалап сактоого үйрөттү.»

«Эстеликтер тазаланып, 9-май күнкү майрамдык парадга даяр. Биз жылда эстеликтерге гүл коюп, согушта каза болгондорду эскерип турабыз. Буйруса быйыл да келебиз «- деди Жалал Асанов мектебинин уюштуруучусу Алима эжеке.



Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ