Лейлек районунун Андарак айылында жаңы күрөш залы ачылды. Эми балдар үчүн шарт түзүлүп, спорт менен алектене башташты.
АРИС компаниясы куруп берген воллейболл залынын экинчи бөлүгү жөн гана иштетилбей турган.
Ал жерди элдер күрөш залына айлантуунун сунуш кылып келишкен. Күрөш залы үчүн жай бар болгон, болгону ал жерге мат, жылыткыч жана темирлерди (штанга, гантель) алуу керектелген. Аны алуу үчүн айыл өкмөтү 140 миң сом берсе, жашоочулар 40 миң кошушкан. Ал эми КСДП партиясы 100 миң сом көмөк көрсөткөн.
125 миң сомго мат алынса, калган акчага жылытуучу печка, гантелдер алынган. Баары сатылып алынып келингенден кийин залга жайгаштырышкан.
Андан ашкан каражатка воллейболл залынын да эскирип кеткен жерлери оңдоп-түзөлгөн.
Мындан ары айылыбыздын жаштары өркүндөп өсүп, ушул “Лейлек күрөшүн” алыска таанытат деп ишенебиз.
Буга чейин да айылыздан чоң балбандар чыккан. Мындан ары да чоң балбандар чыгат деп ойлойбуз.
“Бизде азыркы кезде өтө жакшы шарт пайда болду. Эми биз алдыга жылып “Лейлек күрөшүнө” салым кошушубуз керек. Буйурса жакшы дем менен машыгып жатабыз”, — дейт 9-класстын окуучусу Арзыбек.
Даярдаган: Төлөнбай уулу Нурсейит
Сынак үчүн