Ак-Талаа районунун тургуну Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин биология сабагынын мугалими, көптөгөн сыйлыктардын ээси, билим берүүнүн мыктысы Айна Осмонова жыл жыйынтыгы менен Нарын облусунун “Ардактуу атуул” наамына татыды.
Ал буга чейин балдарга билим, татыктуу тарбия берүүдөгү зор эмгеги үчүн Республикалык, Эл аралык, облустук, райондук сыйлыктарга ээ болуп 2014-жылы профессор Р.Т. Сулайманованын буйругу менен жылдын “Мугалим насаатчы” наамына татыган.
Осмонова Айна 1971-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктаган. 1989-жылы Москва шаары, Болгария, Румыния мамлекеттеринде болуп, студенттик илимий конференцияларда сүйлөгөн.
“Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фонду, КРнын Билим Беруу жана Илим министрлиги, Кыргыз билим беруу Академиясы, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 85 жылдыгына арналган “Адамдын туруукту өнүгүшү өлкөнү өнүктүрүүнүн максаты жана майнабы” симпозиумунда “Адамдын адамдыгы — ыйманы” темасында 2013-жылы Каракол шаарында доклад жасаган.
2015-жылдын март айында «Түрк дүйнөсү: Ысык-Көл – аалам ордосу” деген темадагы Эл аралык илимий-практикалык конференцияда “Ар тараптуу аалам Махмуд Кашгаринин Ысык Көлдүн дүйнө чордону болуп калышындагы татыктуу салымы” деген темада сүйлөгөн.
Мугалимдер үчүн бир нече методикалык колдонмо китептери басмадан жарык көргөн. Ошондой эмгектерин англис, түрк, орус тилдерине которуу туралуу сунуштар түшкөн.
Учурда 3 уул, 1 кызы жана 8 небереси бар.
Даярдагандар: Кубанычбекова Калида, Касымалиева Айчолпон
Сынак үчүн
Маалымат басылманын жана автордун менчиги болуп саналат! Көчүрүп басууга тыюу салынат.