Тасма айылынын кире беришине муз тебүүчү аянча ачылды. Бул жерде бардык тургундар муз тебе алышат.
Муз аянтчанын ачылганына быйыл эки жыл болот. Коңшу айылдан дагы келип муз тебип жатканын билдирип өтүштү.
Иштөө убагы күндүзү он экиден кечки бешке чейин. Ал эми келерки жылы айыл ичине ачууну пландап жатышканын да айтып өтүштү.
Учурда кышкы эс алуу болгондуктан окуучулар коньки тебүү менен өткөзүп жатышат. Ар бир киши үчүн бир саатка элүү сомдон болууда.
Былтыркы жылы ачылган аянтчадан муз тебүүнү үйрөнгөн Элтуран Акенов мурда коньки тепкенди билбегенин, азыр музда мыкты ойноп калганын айтат.
“Бул жер экинчи жолу ачылып жатат. Былтыр да ачылган. Бул муз аянтчанын ачылышы менен коньки тебүүнү үйрөндүм. Башында үйрөнө баштаганда жыгылгам. Көп учурда келүүгө аракеттенем. Бошоп калсам эле барууга шашылам”, — дейт Акенов.
Тасма айылынын тургуну Гүлөнбек Ишенкул уулун муз аянтчасынын ачылышы кубанткан. Ал эс алууга ыңгайлуу болуп жатканын айтат.
“Азыркы эми муз аянчасын ачканы жакшы эле болду. Барып көңүл ачып турсак. Анын үстүнө балдар каникулда да жөн жүрбөстөн коньки тебишсе жакшы. Жаштар дагы көчөдө бош эле жүрбөстөн коньки тебип көнүлдүү жүрөт. Азыр ал муз аянчасына жеке эле кичинелер барбастан чоңдор дагы барып көңүл ачып жатышат”, — деп баяндады Ишенкул уулу.
Айыл тургуну Рысбек Касымов бул жерди экинчи ирээт ачып жатат. Ал өз эмгегин актап жатканын айтат. Учурдан анда отуз коньки бар. Былтыр канькини арендега алып иштетсе быйыл өзү сатып алган.
“Менин ушул муз аянчасын ачуумдун себеби, балдар каникулда бош жүрүшпөсүн дегем. Ал эми кээ бирлери кечинде келишет, аларга биз свет күйгүзүп беребиз, анан ойношот. Ал эми быйылкыбыз деле жаман эмес жакшы, конькилердин бары жаңы. Азыр Тасмадан эле эмес төрт айылдан келип муз тээп атышат — Арал, Токтаян, Тогузбай, Кош-Дөбө”, — деп билдирди Касымов.
Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн