Сары-Дөбө айылынын Карачык атындагы орто мектептин мугалими Таалайбек Мусабаевдин айтымында, сынактын өтүлүүсү жакшы болду жана окуучуларга да жакшы таасирин тийгизген.
“Негизинде бүгүнкү сынак эң жакшы өтүүдө. Бул сынакка бардык мектептер абдан даярданышты. Бирок убакыт аз болуп калды. Окуучулар колунан келишинче аракеттенип аткарышты. Биз быйылкы белгиленип жаткан үркүндүн 100 жылдыгына карата Жусуп Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасынан үзүндү алып келдик. Балдар кызыгуу менен аткарышты”, — деп билдирди Мусабаев.
Адиса Эсенкан кызы Жеңишбек Ашымов атындагы №21 Арал орто мектебинин окуучусу, бүгүнкү сынактын катышуучусу. Алар таймашка “Манас” эпосунан үзүндү “Семетейди” аткарышкан.
“Ар бир эле окуучу кыялданат болуш керек биз тандалсак деген. Азыр бизде да ошондой болуп жатат. Оюнду аткарууда жаңылыштык деле кеткен жок. Биздин бүгүнкү койгон оюнубуз агай-эжейлерибизге жакты деп ойлойм”, — дейт Эсенкан кызы.
Түп районунунан келген калыстар тобунун мүчөсү Мээрим Ибраимованын айтымында, башка аймактарга салыштырмалуу Карасаев аймагы анча жакшы аткара алышкан эмес. Ошентсе дагы эки мектеп тандалып, райондо өздөрүн сынап көрөрүн айтып өттү.
“Карачык мектеби эки чыгарма алып келишиптир. 24 мүнөт болду. Бул жерде кемпирдин ролун кыз жакшы аткарды. Бирок бул райондо чыга албайт. Себеби башка аймакта бул чыгарма көрсөтүлгөн. Колдорунан келишинче балдар ойношту. Эми районго Мамытов жана Коёнкөзов мектептери тандалышты. Ал жерде эң мыкты ойноолору керек”, — деп өз сөзүн бүтүрдү Ибраимова.
Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова, Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн

