Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө жаштардын көйгөйүн чечүү боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Шанкол, Нышанов, Арбын, Байыш орто мектептеринин окуучулары катышышты.
Долбоордун негизги максаты — жаштардын көйгөйүн аныктап чыгып, ошол көйгөйлөрдү кантип аныкташ керек, кандай чечүү жолдору бар, ошолордун баарын чечүү жолун үйрөтүү.
Донор Кошмо Штаттардын тынчтык үчүн Институту (USIP). Аткаруучу Борбордук Азия Фондусу (ФЕЦА) болуп, 2 жылга созулат.
Семинардын алып баруучусу Нурбек Сариевдин айтымында, долбоордун негизги күтүлүүчү жыйынтыктары болуп, жаштар өз алдынча өз маселелерин көтөрүп чыгып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өз маселерин чечип алышы күтүлөт.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Жаштар иштери боюнча адиси Жеңишбек Исаев, жаштардын көйгөйүн аныктоону пландап жүрөт элек, бүгүн ушул боюнча жакшы маалымат алынды, буйруса пландын негизинде иш алып барабыз дейт.
Катышуучулар сабактан керектүү маалыматтарды алганын айтышты. «Семинар жакшы өттү, өзүбүздүн көйгөйлөрүбүздү кантип чечүүнү үйрөнүп калдык», — дейт Айчүрөк Куватали кызы.
Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы