Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү. Оюнга тогуз айылдан улакчылар келип, жалпы 300гө жакын улакчы катышты.
Оюн кызыктуу болду, эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. Байгеге бир Жигули автоунаасы, эки кой жана чакан белектер коюлду.
Уюштурган Арбын айылынын тургуну Кабыл Шералиев болду. Жыйынтыгында баш байгени Бакыт Пайзылдаев алды.
Уюштуруучу Кабыл Шералиев балама сүннөт той кылып, баламдын келечеги жарык болсун жана улакчылардын кызыгуусу артсын деп ушул көк бөрүнү уюштурдум дейт.
Баш байгени камсыз кылган Пайзылдаев Бакыт баш байгени алаарын күткөн эмес. «Аракет кылсаң берет экен», — дейт Пайзылдаев.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейн
Сынак үчүн