Учурда Ак-Талаа аймактык ооруканада жөтөл, тамак оору, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу мезгилдүү оорулар менен жабыркагандар сааттап дарыгерге көрүнүү үчүн кезекке турушууда. Кезек куткөндөрдүн көбү улгайган адамдар жана жаш балдар.
Мындай көрүнүш декабрь айынан бери болууда. Ооруканынын айрым бөлүмдөрүндө жатып дарыланууга орундар жетишпей калууда.
Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери А. Көкөтаеванын билдиришинче, азыр мезгилдүү ооруларга чалдыккандардын саны азайып калган.
“Сасык тумоо деп диагноз коюу үчүн атайын текшерүүдөн өтүү менен аныктайбыз. Албетте сактаныш үчүн жөнөкөй эле гигиена эрежелерин сактоо зарыл. Мисалы, жөтөлгөндө оозду жабуу, колду убагы менен жууп туруу, жөтөлгөн адамдан оолак болуу жана дарыгерге көрүнүү сыяктуу. Азыр окуу башталды, мектептерге да түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз», — деп билдирди ал.
Даярдаган: Мирлан кызы Айпери
Сынак үчүн
Маалымат басылманын жана автордун менчиги болуп саналат! Көчурүп басууга тыюу салынат!