Баетов айылында жайгашкан Бейшеналиев атындагы орто мектебин быйылкы окуу жылынын бутүшү менен түрткү берүүчү каражаттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү иштери башталат.
Мектептин полу, эшик-терезелери толугу менен алмашылат. Мектептин курулганына 40 жыл өткөнү менен бул аралыкта мындай оңдоо иштери жасалган эмес.
Баетов айыл аймагынын өкмөт башчысы Т. Турусбековдун айтымында, быйыл ремонт жасоо стратегиялык пландагы ишке ашырылуучу маанилүү иштердин бири.
«Дагы бир долбоорго сунуш жиберишкен. Эгерде колдоого алынса анда жылытуу системасы дагы жаңыртылат. Мектеп жалпы 5 миллион сомдун тегерегиндеги каражатка ремонттолот. Жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары алты жүз миң сом акча каражаты бөлүнөт», — деп билдирди Турусбеков.
Даярдаган: Г. Мамытбекова
Маалымат басылманын жана автордун менчиги болуп саналат. Көчүрүп басууга тыюу салынат!