Баетов айыл аймагына жакынкы арада Афган жана Баткен согушунун каармандарына арналган эстелик коюлат. Алгач эстеликтин макети Бишкек шаарынан буйрутма менен жасалып келинген.
Учурда эстеликти архитекторлор жактырылган макеттин негизинде жасап жатышат. Кайсы жерге коюлары да аныкталган.
Баетов айыл аймагынын өкмөт башчысы Т. Турусбеков тургундардын атуулдук парзын аткарып, алар көрсөткөн эрдиктерин унутпай жүрүү үчүн эстелик курулуп жатканын айтты.
“Ошол согуштарда жердештерибиз четте карап туруп калган эмес. Алар да интернационалдык, атуулдук парзын аткаршып, эрдиктерди жасашкан. Бул тарыхты келечек муундар унутпай, эстеринде сактап жүрүшсүн деп жасоону максат кылдык”, — деп билдирди ал.
Эстелик жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалууда.
Даярдаган: Г. Мамытбекова
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!