Терек-Суу айылында Токтогул районунун акими жана ООСтун, РЭСтин СоцФонддун жана милициянын жетекчилеринин катуушусунда жыйын болуп өттү. Жыйынга Кетмен-Дөбөнүн айыл өкмөт башчысы Саветбек Джээналиев жана Терек-Суу, Чоң-Арык айыл тургундары катышты.
Жыйында тургундар бийлик өкүлдөрүнө өздөрүн кызыктырган суроолорун узатып, жооп алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.

Жыйындын жүрүшүнөн айрым урунтуу учурлар төмөнкүлөр болду.
Айыл тургундарынын суроолоруна Токтогул районунун свет бөлүм башчысы буларды билдирди:
«1000 киловаттан ашканы 2 сом 16 тыйын. Ошондуктан кѳбѳйтпѳй, урдатпай, биринчи ѳзүңѳрдү сактагыла. Эсептегич коюш үчүн үйдүн документинин көчүрмөсү, жашаган адамдын паспорту керек. Анан паспорт болгондон кийин айыл өкмөттөн тактама келет сөзсүз. Анан Жалал-Абаддан компютерден чыгып турат».

Токтогул районунун акими Майрамбек Асанканов айыл тургундарынын суроолоруна төмөндөгүдөй жооп берди:
«Таза суу боюнча проблема бар экенин биллем. Ат көтөргүс проблема бар. Бир да адам сууга акча төлөбөйт. Төлөгөндө дагы квитанция кыркылбайт. Кассага акча түшпөйт. Суу жок деп миң айтсаңар дагы, биринчиден сууну сыйлайлы анан өзүбүздү сыйлайлы. Мени бир гана нерсе кубандырып турат – таза суу боюнча ишкана ачылган. Анан мусорду да кошуп койгула”.

“Бүгүнкү күндө чоң бир саясат жүрүп жатат теплица деген. Теплицаны үйүмө, үлүшүмө бул жердеги ылайыктуу жериме дегендер колуңарды көтөргүлө, азыр барам дегендер азыр баргыла. Мен теплица курам дегендер айыл өкмөтүнө келип, банктан кредит алып бер десеңер толук кандуу жардам берем”.
Даярдаган: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн