Куу-Майдан айылынын жаштары Алай районундагы Чыйырчык тоо лыжа базасына барып жылгаяк тебип келишти. Ал жерге жалпысынан Куу-Майдан айылынан 33 бала барды.
Чыйырчык лыжа базасы жакшы жерде жайгашкан экен. Ал жерге жетүү үчүн Куу-Майдан айылынан 120 чакырым жол жүрүүгө туура келди.
Чыйырчыкка күнүнө 80ге жакын эс алуучулар келип эс алып кетээрин көрдүк.
Эс алып келгендердин бири Нурлан уулу Адылдын айтымында, лыжа базасына баруу үчүн ар бир бала 200 сомдон чогулткан. «Калганын атайын демөөрчүлөр толуктап берген», — дейт Адыл.
Оюнду дискке чыгаруу үчүн атайын камера алып барышты. Андан сырткары бир кой союп алып барып шишкебек, куурдак даярдалды.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейн
Сынак үчүн