Ак-Талаа районундагы “Тайлак баатыр” балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Капарбек уулу Билимбек Грузия шаарында өткөн ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалга ээ болду.
Спорттун эл аралык чебери, машыктыруучу Капарбек уулу Билимбек 41-46 жаш курактагылар арасында 78 кг салмактагы балбандар менен күч сынашты. Алгач украиналык балбан Андрей Галканы 11:0 эсебинде жеңип, жарым финалда болсо килем ээси грузиялык Вахтанг Нариашвилини 10:0 эсебинде утуп алган. Ал эми финалда ирандык Гафар Голипурдан 11.1 эсебинде жеңилген.
Куржунуна 2 беттештин жеңишин салган жердешибиз жыйынтыгында күмуш медалга татыктуу болгон. Ардагер балбан эртен туулуп-өскөн жери Ак-Талаа районунда салтанат менен тосуп алуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө.
Эскерте кетсек, Капарбек уулу Билимбектин кызы Калмира үстүбүздөгү жылы Болгарияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк мелдеште күмүш медалды багынткан.
Даярдаган: Гулбарчын Мамытбекова