Ханнс Зайдель Фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу боюнча тренинг өтүп жатат.
«Тренинг 2019-жылдын 2- октябрь күнү башталды. Алгач Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы башталып жатканда бардык депутаттарга тренингдин максаты жана милдеттери жөнүндө маалымат берилип, 31 депутаттын ичинен 10 депутат катышуучу катары катталды. Андан сырткары, Сүлүктүдөгү мекеме ишканалардан, коомдук уюмдардан болуп дагы 10 катышуучу тандалынып алынды. Жалпысынан, 20 катышуучүга тренинг өтүп жатат. Мындай окуулар өтө керек болгону үчүн мен өзүм баш болуп колдоп, Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова да активдүү колдоо көрсөтүүдө»,- дейт шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов.
«Тренинг катышуучуларынын суроо- талаптарын анализ кылсак негизинен социалдык жана бизнес долбоорлорду жазып, үйрөнүүнү каалагандар көп болуп жатат. Тренингди уюштуруп өткөрүүдө шаар жетекчилери жетишерлик колдоо көрсөтүп жатат»,- дейт тренер, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты, Ханнс Зайдель фондунун бүтүрүүчүсү Бакытбек Сапаркулов.
Даярдаган: Барчынай Алимова