Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кенешинин жыйындар залында «Коомчулуктун муктаждыктарын жана талаптарын аныктоо» -деген темада Сүлүктү шаардык Кенешинин депутаттарына жана мэрияын саясий муниципалдык кызматкерлерине микротренинг болуп өттү. Микротренингге Сүлүктү шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Ташев Б.Е, вице-мэр Сапаркулова М.Э, Сүлүктү шаардык Кенешинин төрагасы Мадаминов К.Г, “Кыргыз Республикасынын Өнөр жайына эмгек синирген ишмер”- Карабаев И.Дж, “Кыргыз Республикасына эмгек синирген Врач”- Самадова Г.Х жана шаардык Кенештин депутаттары катышты.
“Сүлүктү шаарынын Мэринин милдетин аткаруучу, вице-мэр, шаардык Кенештин төрагасы жана депутаттары катышып, Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен кичи-тренинг болуп жаткан экен, катышып, “CASA-1000” долбоорунун алкагында АРИСтин аткара турган иштери жөнүндө маалымат бердим. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жаңы шайланган депутаттар менен да пикир алмаштык”- дейт АРИСтин Лейлек району боюнча эксперти Дилшат Мавлянов.
“Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы өкүлү доктор Макс Георг Майер Сүлүктүгө келгенде мен жетектеген Кызыл-Булак жоопкерчилиги чектелген коомуна да барып биздин ишмердүүлүгүбүз менен таанышып, тажрыйба алмашкан эле. Ал кишинин мага берген Ыраазычылык Каты сакталып турат. Европа мамлекеттеринде, Түштүк Кореяда, Кытайда көрүп, үйрөнүп келген тажрыйбамдан микротренингдин катышуучулары менен бөлүштүм. Шаарыбыз боюнча инвестицияларды, гранттарды тартуу боюнча демилгелүү топ түзүлүп жатат экен, колдоймун, эң жакшы сунуш, шартым болуп калса демилгелүү топко тажрыйба бөлүшүп жана башка жардамдарды берем”- дейт коомдук ишмер Исманали Карабаев.
“Микротренинг учурунда катышуучулар тарабынан шаарыбыз боюнча долбоорлор менен иш алып бара турган бирикме түзүү сунушу түштү. Бул сунушту шаардык Кенеште карап, оң жагына чечип беребиз. Микротренингди уюштуруп өткөргөн Ханнс Зайдель Фондунун стипендианты Бакытбек Сапаркуловго ыраазычылык билдиремин”-дейт Сүлүктү шаардык Кенешинин төрагасы Кубанычбек Мадаминов.
Даярдаган: Барчынай АЛИМОВА