Пандемия күчөп бир жактан аба ырайынын кургакчыл болуп туруусу улгайган жарандар жана ден-соолугу начар кишилер үчүн бир топ ыңгайсыздык жаратууда. COVID-19 вирусу аныкталган региондордун арасынан Кыргызстан боюнча үчүнчү орунда болуп турган Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургундары жайкы аптапта кандай эс алууда?
“Мен өзүм Сүлүктү шаары боюнча ардагерлер кенешинин мүчөсүмүн, жайкы аптап күчөп турган азыркы учурда өзүм курактуу улгайган жарандар болуп шаарыбыздын эс алуу багында сейилдеп кетүүнү адатка айлантып жатабыз. Көпчүлүк эле билбейт болуш керек, эс алуу багынын ичи аябай салкын, таза аба, отургучтар жакшы, тротуарлар ондолгон”,- дейт атын атагысы келбеген аксакал.
“Жашы улгайган жарандар үчүн жана жаш балдар үчүн жайкы аптапта эс алуу багына келип, салкын шартта, таза абада эс алып кетүү кандай жакшы. Байыш Абдраимов эс алуу багына директор болгондон баштап эле катуу иш алып барып, учурда эс алуу багы талапка толук жооп бере турган абалда. Үйүм жакын болгондуктан тез-тез күбө болуп турамын, акыркы учурда эс алуу багына келип сейилдеп кеткен улгайган жарандарыбыз көп болууда. Жайкы аптапта жана пандемия шартында улгайган жарандар үчүн эс алууга мындан артык шарт жок болсо керек”,-дейт шаар тургуну Канатбек Кудаяров.
Бакытбек Сапаркулов