Баткен облусунун Сүлүктү-Лейлек базарларында малдын баасы кескип арзандап кеткени менен эттин баасы дагы эле өзгөрүүсүз сатылууда. Уй эти эт дүкөндөрүндө орточо 430 сомдон сатылууда. Себебин иликтеп көрдүк.
“Мен өзүм көп жылдан бери Сүлүктү шаарындагы дүкөндөргө азык-түлүк ташып жеткирип беремин. Эттин баасынын салыштырмалуу кымбат болуусуна, жалпы эле азык-түлүктүн баасы мурдагы жылдарга салыштырганда кымбат болуусуна пандемия, кошуна Тажикстан менен соода- сатык иштеринин толук токтогондугу жана быйылкы жыл кургакчылык болгону себеп болууда. Өзгөчө Тажикстан менен соода мамилелеринин токтогондугу, анткени агросектор жакшы өнүкпөгөн Сүлүктү шаары бардыгын эле сатып алат. Мурда 40-60 чакырым Тажикстандагы базарлардан ташысак, азыр 200-250 чакырым аралыктагы Кадамжай районунан ташып жатабыз. Жолдун алыстыгы жана күйүүчү майдын баасынын кымбаттыгы кошумча наркты пайда кылууда”,- дейт атын атагысы келбеген жаран.
“Белгилей кетсек акыркы күндөрү тоют чөптүн баасы турукташып, буга чейин бир түк (пресс) беде 450 сомдон сатылса акыркы күндөрү 420 сомдон сатылууда. Базарда мал арзан дейт, албетте арык мал арзан, ал эми семиз малдар дагы эле кымбат сатылууда. Шартка жараша кээде кымбат баага семиз мал алып сатабыз, ал эми арык мал алып, багып саткан учурубузда тоют чөп кымбат, жем да кымбат болууда. Учурда жүгөрү жеминин баасы 32 сомду түзүүдө, эми алып карасак, мал алып, багып сатканда жем чөп кымбат болгону эттин баасын камбат болуусуна себеп болууда”- дейт Кошбулак айылындагы эт дүкөнүнүн ээси.