Дүйнө жүзүн каптап, миллиондогон адамдардын жанын алган Ковид — 19 илдетинен сактануунун жолдорунун бири – бул вируска каршы эмдөөдөн өтүү.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган жана Оттук айыл аймактарында 40ка жакын киши эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу айылдагы борбордук оорукананын медайымы Гүлжан Акматова билдирди.
Биринчилердин катарында эмдөөдөн өткөн Оттук айылынын тургуну Айнур Малабаева эмдөөдөн кийин өзүн кандай сезип жаткандыгы жөнүндө төмөндөгүлөрдү билдирди:
Оттук айылынын тургуну Айнур Малабаева
“Менин оюм боюнча вакцина алуу керек. Себеби, бул пандемия дүйнө жүзүндөгү эң коркунучтуу оору экендигин 2020-жылдан бери айгинелей алды. Канчалаган адамдар бул оорудан көз жумду жана өнөкөт оорусу бар же кары-картаңдар, иммунитети төмөн болгон адамдар бул ооруну өтө оор көтөрүшкөнүн көрдүк. Айрыкча улгайгандар жана кары адамдар тобокелдик факторлоруна кирип жаткандыктан, вакцина алуу менен бул ооруну жеңил өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болоорун ойлоп, эмдөөдөн өтүү керек деп эсептейм. Ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүү менен бирге эле башкалардын да ден соолугуна жоопкерчиликтүү болушу керек. Анткени биз ооруну таратуучу катары да жүрүшүбүз мүмкүн.
Вакцина албаган учурда оору тездик менен жайылып, бири-бирине жугузуу шарты өтө жогору болот экен. Эгер адамдар баардыгы тең эмдөөдөн өткөн болсо, ооруу сасык тумоо сыяктуу өтөт беле деген ойдомун. Азыр ар түрдүү социалдык тармактарда вакцина зыяндуу жана анын зыяндуулугу келечекте билинет деген ойду жайылтып жатышат жана муну окуган адамдар вакцина алуудан баш тартышууда. Бирок муну эч ким далилдеген жок. Вакцина алгандан кийин адам Ковид менен таптакыр оорубайт деген да далил жок. Анткени вакцина алгандар деле ооруп калып жатышат, бирок жеңил өтүп жатат деп угуп жатабыз.
Ушундай болгон шартта далилденбеген факторлорго, божомолдорго көңүл бурбай позитивдүү жагын ойлоп, эмдөөдөн өтүүнү чечтим. Эмдөөдөн өтүү мага кыйынчылыкты жараткан жок. Өзүмдө эч кандай деле өзгөрүү байкаган жокмун. Вакцина алуу менен мен жакын адамдарымдын ден- соолугуна да кам көрүп жатам деп ишенем!”
Акылай Алмазбекова