Нарын районуна караштуу Куланак айылында 2021 — жылдын март айларынан баштап айылда мобилдик топ иш алып барып келет.
Мобилдик топтун түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда
Мобилдик топтун төрайымы Анара Балтабаева төмөндөгүлөргө токтолду:
«Бүгүнкү күндө абал тынч дегенден алысмын. Себеби бирин экин катталган учурлар бар. Алар Нарында дарыланууда жатышат. Андыктан биз мобилдик топтун мүчөлөрү түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп жатабыз. Былтыркы жылдан бери адамдар өздүк гигиенабызга жакшы эле көңүл бөлүп калдык. Ал эми эл топтошкоон жерлерден масканы талап кылып жатабыз. Магазиндерден болсо санитардык абалды сактоо боюнча катуу талаптар коюлган».
Беткапты талап кылган учурда эл кандай кабыл алып жатышат?
Эл деген эл экен. Ой койгулачы каяктагы оору — дегендей кылып жатышат. Бирок ошондой болгондо да биз түшүндүрүү иштерин токтотпошубуз керек. Биздин милдетибиз болгондуктан байма бай түшүндүрүү жана эмдетүү боюнча болгон маалыматтарыбызды айтып жеткизгенге болгон аракетибизди жасап жаткан мезгилибиз.
Аш — тойлор кандай өткөрүлүп жатат?
Азырынча такыр келбесин деген тыюу жок. Бирок көп чогулбасын деген тыюубуз бар. Бирок болбойт экен. Аш — той жок болгону менен адам өлгөнгө кичине көп чогулуп жатышат. Былтыркы бул маалда азайып калды эле. Киши чогулбай өздөрүнүн жакын туугандары эле барып калган. Быйыл андай жетишпей жатабыз. Бирок айылдын ватсап группаларына тынымсыз пайдалуу кеңештерди, түшүндүрүү иштерин жөнөтүп жатабыз «.
Айзат Түмөнбаева