Нарын районуна караштуу Куланак айылында 17-май күнү катуу шамал болуп, анын кесепетинен бир катар зыяндар катталды. Учурда жергиликтүү кызматтар тарабынан чыгымдар эсептелип жатат.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, саат 17:00гө карата Нарын облусунда, анын ичинде Нарын шаарында чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 12–22 метрге чейин жеткен.
Катуу шамалдын айынан Учкун айыл аймагына караштуу Куланак айылы аймагында электр зымдарына зыян келип, айрым жерлерде электр энергиясы өчүрүлгөн. Ошондой эле “Бакырган сарай” аймагында сарайдын чатырын шамал учуруп кеткен.
Маалыматтарга караганда, жабыркаган сарай турак жай камсыздандыруусунан өткөн эмес.
Адистер белгилегендей, эгерде турак жайлар жана мал сарайлар тиешелүү стандарттарга жооп берип, камсыздандырылган болсо, табигый кырсыктар учурунда мамлекет тарабынан чыгымдарды эсептөө жана жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү каралат.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева