Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында электр чубалгыларын жаңылоо иштерине байланыштуу өрөөн боюнча электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт.

Учурда айылдын ички көчөлөрүндөгү электр чубалгыларын алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу Суусамыр өрөөнүндө электр жарыгы эки күн бою күн сайын саат 06:00дөн 17:00гө чейин өчүрүлүп турат.
Жооптуу кызматтардын маалыматына ылайык, мындай оңдоо жана жаңылоо иштери жыл сайын жүргүзүлүп, кыш мезгилинде электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылууга багытталган.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна