Өлкөбүздө пандемия башталгандан тарта баалардын кескин өсүшү байкалат. Кымбатчылык карапайым элдин, ишкелердин көйгөйүнө айланды. Оор кырдаалга карабастан жергиликтүү калк өз ишин улантууга муктаж.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну, жеке ишкер Алмаш Сыдыкова пандемия учурунда ишмердүүлүгү токтоп калгандыгын төмөндөгүчө айтты:
«Суусамыр айыл аймагынан 153 чакырымында жайгашкан Бишкек-Ош жолунда ашкана, мейманкана иштетем. Пандемия учурунда жумушубуз кыйла үзгүлтүккө учурады. Карантин болуп жол кыймылы токтоп, кирешесиз үйдө отуруп калдык.
Абал турукташкандан сон, баалардын кескин жогорулашы ишкерлерди эле эмес, карапайым калкты дагы түйшөлттү. Баалардын кымбаттаганына карабастан ишибизди улантууга муктажбыз».
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Зоодан Асаналиев капчыгы жука эл өз ден- соолуктарына кайыл экенин айтты:
“Пандемия менен баалардын күндөн-күнгө өсүп жатышы карапайым элдин эртенки күнгө, келечекке болгон үмүттөрү менен пландарын үзгүлтүккө учуратып, белгисиз бир тунгуюкка кептеп бараткандай. Азыр эл учурдагы жашоо шарт абалдары жана капчыктарынын көлөмдөрүнө жараша жашоо кечиришүүдө. Капчыктары калындар ток пейилирээк болуп ден- соолуктарын карап, оорудан сактануу чараларын көрүп жана канчалык бир денгээлдеги болжогон иштерин ишке ашырып жатышат. Ал эми капчыгы жукалар өз ден- соолуктарына кайыл, ооруну жугузуп алуу коркунучун экинчи планга калтыруу менен эптеп күнүмдүк жашоо, кирип келе жаткан кыштагы кийим-кече, тамак-аш, отун-суу маселерин ойлоо менен бушайман болушууда. Пандемия жана кымбатчылык-бул психологиялык жана экономикалык таасири чоң сыноо болууда. Муну карапайым эл өзүлөрүнүн жогорудагыдай жашоо шарттары менен баштарынан өткөрүүдө”.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Нургул Алиаскарова:
“Пандемия учурунда кымбатчылык элге чоң таасирин тийгизип жатат. Баалардын кескин өсүшү иштебеген, пенсия жашындагы адамдарга көйгөй жаратып жатат. Мага деле бул учур кыйынчылык жаратууда, кичине эле азык-түлүк алсам 2000 сомду түзөт. Бул нерсе ишсиз адамдарга чоң көйгөй болуп саналат.
Сарамжалдуу болуп, оорудан сактануу эрежелерди сактасак бул кырдаалдан чыгабыз деген ишеничим чоң”.
Айдана Токтобекова