Ак-Талаа районунда ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү максатында атайын семинар уюштурулуп, ага райондук жана облустук өнүктүрүү фонддорунун жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондо айыл чарба, мал чарба тармагында иш жүргүзгөн ишкерлер катышты.

Семинарда алгач «Бозо» фестивалына жигердүү катышкан ишкерлерге райондук мамлекеттик админстрациясынын сыйлыктары тапшырылды.
Андан соң тиешелүү бийлик өкүлдөрү тарабынан ишкерлерге туризм багытындагы ишкерикти өнүктүрүү жана ата мекеник өндүрүштү колго алуу, долбоорлорду даярдоо, узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды алуу, туристтик лагерлерде экологиялык жана санитардык эрежелерди сактоо, тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз иш алып баруу маселелери айтылды. Ал эми ишкерлер тарабынан долбоордо көрсөтүлгөн насыянын суммасын толук берүү жана өз убагында каржылоо, айрым бир мыйзамдар ишкерлик кылууга тоскоолдук жаратып жаткандыгын, айрым мамлекеттик төлөм акылар кымбат жана ашыкча текшерүүлөр болуп жаткандыгы тууралуу белгилешти.
Ошондой эле «Ак-Талаа ишкерлер» коомдук бирикмесинин түзүлүшү, максаты тууралуу бирикменин жетекчиси Марс Бусурманкулов жана туристтерди кызыгуусун арттырган аймактар жөнүндө Улук Кыдырбаев маалымат берди.
Соңунда бийлик өкүлдөрү тарабынан ишкерлерге колдоо көрсөтүлөрү , ал эми ишкерлер аймакта өндүрүштүк жаа жаңы туристтик жайларды ачуу боюнча долбоорлорду дардоо зарыл экени айтылды.
Эскерте кетсек, аталган семинар Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын демилгеси менен уюштурулду.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова