Ак-Талаа районундагы Э.Карсартов атындагы жалпы билим берүү мектебинде Тажик-Афган ардагерлерин урматтоого арналган иш чара өтүп, ага жергиликтүү жетекчилер, согуштун ардагерлери катышты.


Иш-чарада 1992-1999-жылга чейин 7 жыл бою Таджик-Афган чек арасында кызмат өтөгөн жоокерлердин эрдиги даңазаланып, окуучулар даярдаган чакан концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрдүн “Ардак грамотасы”, “Ыраазычылык кат” жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Эске салсак, Тажик-Афган согушуна Кыргызстандан 3000 жоокер катышып, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери менен бирге Тажик-Афган чек арасын коргогон. Тажик-Афган ардагерлер эгемен өлкөбүздүн алгачкы ардагерлер болуп саналат жана аларга ар кандай жеңилдиктер каралган. Учурда 36 жоокер Ак-Талаа райондук аскер комиссариатынын каттоосунда турат.
1999-жылы 25-февралда Кыргызстан өзүнүн жоокерлерин Тажик-Афган чек арасынан алып чыгып кеткен.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова