15-февраль — советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнүн 37 жылдыгына карата Тогуз-Торо районунда эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Тажик-Афган жана Ооган согушунун катышуучуларынын эрдиги даңазаланып, курман болгондорго куран окулуп, терең урмат-сый көрсөтүлдү..

Жыйынга райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, ардагерлер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Асель Жунусалиева куттуктоо сөз сүйлөп, жоокерлердин эрдиги жана мекен алдындагы кызматы эч качан унутулбасын белгиледи.





Иш-чаранын алкагында ардагерлерге төш белгилер жана атайын сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле айыл өкмөттөрү, аскер комиссариаты жана аксакалдар кеңеши тарабынан сый-урмат көрсөтүлдү.

Маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланып, мекенчилдик ырлар жаңырып, иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду.
Эрдик унутулбайт — тарых ар дайым эскерилет.

Даярдаган: Анара Мааметова