Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде айымдардан чыккан белгилүү акын Шербет Келдибекованын элесине арналган «Көөнөрбөс нук» аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү.

Кеченин негизги максаты акынды эскерүү, анын өмүр баянын жана ырларын жаштарга жеткирүү, ошондой эле келечекте акын болом деген жаш муундарга шык берүү. Белгилүү акын Шербет Келдибекова 1949-жылы 27-майда Кочкор районундагы Кара-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Мектеп жамаатынын чечими менен акындын ысымы мектептин маданият жана жыйындар залына ыйгарылды.

Акындын бир тууганы-Замир Келдибеков
Поэзия кечесине акындын бир туугандары, жакын санаалаштары, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Касымбек Мамбеталиев, башкы адис, мектеп жамааты жана окуучулар катышты. Кечеде акындын ырлары окулуп, катышуучуларга басмадан жаңы чыккан китептери тааныштырылды.

Акындын сиңдиси-Бурул Келдибекова

Акын-Жуса Касиетов

Акындын китептери
Андан тышкары окуучулар тарабынан ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары аткарылды.
Даярдаган: Жасмина Кубатбекова