Кыргыз Республикасынын агартуу министрлигинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 254/1 буйругунун негизинде, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун юбилейине арналган Ысык-Көл эл аралык форуму алкагында маанилүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. “Биз — XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары” аттуу эл аралык форумдун облустук тандоо турлары өлкө аймактарында ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Бул форум гуманисттик баалуулуктарга жана социалдык жоопкерчиликке негизделген келечектин технологияларын жарата алган жаш изилдөөчүлөрдүн, инженерлердин жана ойлоп табуучулардын башын бириктирген уникалдуу аянтча. Министрликтин буйругуна ылайык, облустук этаптар үстүбүздөгү жылдын 18-майына чейин өткөрүлдү. Анда эң мыкты деп табылган моделдер үстүбүздөгү жылдын 9-июнунан 12-июнуна чейин өтүүчү эл аралык финалдык этапта күч сынашмакчы. Эл аралык форумду уюштуруу жана өткөрүү милдети «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясына жүктөлгөн.

Жакында эле өткөн облустук тандоо туруна аймактан жалпы 17 команда катышып, сунушталган инновациялык идеялар менен илимий долбоорлор боюнча мелдеш болду. Бул мелдеште биздин мектептин окуучулары өздөрүнүн инженердик талантын көрсөтүп, байгелүү орундарды багындырып кайтышты.

Турусбек мектебинин окуучулары ийгиликтерге жетишти:
Мырзагелдиев Улан (10-а класс) — 1-даражадагы диплом;
Кылымсадыров Азиз (11-а класс) — 2-даражадагы диплом;
Кулчороева Гүлмира (11-б класс) — 3-даражадагы диплом.

Окуучуларды мелдешке физика мугалими Гүлнара Шекилбаева даярдап барган. Ал ушул убакка чейин райондук, облустук жана республикалык кароо-сынактарга, олимпиадаларга окуучуларды даярдап, баш байге жана 1-2-орундарды камсыз кылып келет. Ошондой эле ал өз демөөрчүлүгү менен «Экологияны сактоо — биздин милдетибиз» деген темада 10 жылдан бери туруктуу түрдө сынактарды өткөрүп келе жатат
.
Бул сынактын жыйынтыгында 1-даражадагы дипломго татыган Мырзагелдиев Улан Республикалык этапка жолдомо алды. Бир мектептен барган үч катышуучунун тең алдыңкы үч орунду ээлеп, облуста биринчиликке чыгышы — жаш муундун илимге жана техникага болгон чоң кызыгуусун далилдеди.

Биз жаш инженерлерибизди, ойлоп табуучуларыбызды жана алардын талыкпай эмгектенген мугалими Гүлнара Шекилбаеваны бул чоң жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ушул жылдын 9-12-июнунда өтө турган эл аралык этапта да мектебибиздин жана облусубуздун намысын бийик коргоп, чоң ийгиликтерди жаратышына ишеним билдиребиз жана ак жол каалайбыз!
Даярдаган: Азема Сабырбековна