Токтогул районунда буга чейин эл менен болгон жолугушууларда көтөрүлгөн 297 маселенин 244ү чечилди. Бул жалпы кайрылуулардын 82 пайызын түзөт. Калган 53 маселе боюнча иштер улантылууда..

Маалыматка ылайык, 8–10-июнь күндөрү өткөн алгачкы жолугушууларга 1765 тургун катышып, 157 жаран өз көйгөйлөрүн билдирген.
Учурда эл менен жолугушуулардын экинчи этабы башталып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Токтогул районунун тургундары менен онлайн форматта баарлашты.

Жолугушууга Токтогул шаарынын жана төмөнкү айыл аймактардын жашоочулары катышты:

