Токтогул районунда жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында үгүт-форум уюштурулду. Иш-чара Асанкалый Керимбаев атындагы маданият үйүндө өтүп, ага райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору жана окуучулар катышты.

Форумдун жүрүшүндө жол кырсыктарынын негизги себептери, алардын алдын алуу жолдору жана жол кыймылынын катышуучуларынын жоопкерчилиги тууралуу маалымат берилди.
Айдоочуларга жолдо сылык жана этият болуу, белгиленген ылдамдыкты сактоо, коопсуздук курун тагынуу, унаа башкарып баратып телефон колдонбоо жана мас абалда рулга отурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежелерин так сактоосу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, мектеп окуучуларынын жана жаштардын жол коопсуздугу боюнча билимин жогорулатуу, аларды эрежелерди сактоого жана жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүү маселелерине көңүл бурулду.


Иш-чаранын соңунда жол эрежелерин сактоо ар бир адамдын өмүрүн жана ден соолугун коргоодогу маанилүү милдет экени белгиленди.
Даярдаган: Азема Сабырбекова