22026-жылдын 26-ноябрында Токтогул райондук маданият үйүндө улуттук баалуулуктарды даңазалоого, аялдардын коомдогу ордун белгилөөгө жана жыл ичинде аткарылган иштерди жыйынтыктоого арналган «Элеттик аялдар — жаратмандар» аттуу отчеттук иш-чара өттү. Аны райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Чынара Суракматова уюштурду.


Жыйынга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Урматбек Самаев, акимдин орун басары Куттубек Аттокуров, шаардык депутаттар, жетекчи айымдар, ошондой эле шаардагы жана айыл аймактардагы Аялдар кеңештеринин төрайымдары менен мүчөлөрү катышты.

Иш-чара үч бөлүктөн туруп, салттуу музыка, сыйлоо аземи жана мазмундуу баяндамалар менен коштолду.Алгачкы ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, андан соң «Энелердин тилеги» тобунун концерттик программасы тартууланды.

Токтогул райондук аялдар кеңешинин төрайымы Чынара Суракматова жыл ичинде айыл аймактардагы айымдар менен бирге аткарылган алгылыктуу иштердин жыйынтыгын слайд-шоу аркылуу көрсөттү.

Аким Урматбек Самаев куттуктоо сөзүн айткандан кийин эмгеги менен айырмаланган айымдарга Курманжан Датка ордени, «Ардактуу айым» медалы, Республикалык, облустук жана райондук Аялдар кеңештеринин Ардак грамоталары менен Ыраазычылык каттары тапшырылды. Ошондой эле «Даанышман айым», «Ардактуу айым» жана «Жаратман айым» номинацияларынын ээлери аныкталып, «Аялдар тарых жаратуучулар» энциклопедия китеби тапшырылды.

Экинчи бөлүктө коомдогу жана үй-бүлөдөгү аялдардын орду тууралуу төрт баяндама окулду. Абды Суеркулов айыл аймагынын Аялдар кеңешинин төрайымы Г. Куттубаева — «Эне-тарбия башаты», Шаардык мэриянын Аялдар кеңешинин төрайымы А. Тулекеева — «Зордук зомбулукка жол жок», Район аралык МСЭКтин төрайымы А. Жолдошова — «Эне-бала ден соолугу-улуттун байлыгы», «Чебер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлбайра Самарбекова — «Улуттук кол өнөрчүлүктү сактоодогу аялдардын ролу».

Соңунда райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Чынара Суракматова иш-чаранын чечимин окуп, жыйын жалпы гимн менен жыйынтыкталды. Мындай жолугушуулар айылдык жана шаардык аялдардын демилгелерин колдоого, улуттук каада-салтты жана кол өнөрчүлүктү сактоого, ошондой эле эне-баланын саламаттыгы менен коомдук коопсуздук маселелерине көңүл бурууга өбөлгө түзөт.

Даярдагандар: Азема Сабырбекова, Дилде Таалайбекова