ИСУР коомдук фонду тарабынан мындан эки ай мурун уюштурулган «Эко-Лидер-Мектеби» долбоору Соң-Көл жалпы билим берүү мектебинде өзүнүн жыйынтыктоо аземин өткөрдү.

Долбоордун алкагында 4 тайпадан турган жалпы 16 окуучу экология, жаратылышты коргоо, лидерлик жана коомдук активдүүлүк боюнча окуудан өтүштү. Эки айлык окуу мезгилинде катышуучулар теориялык билим алып гана тим болбостон, практикалык иштерге да активдүү катышышты.

26-май күнү өткөн жыйынтыктоо иш-чарасында окуучулар окуу учурунда үйрөнгөндөрүн практика жүзүндө көрсөтүп, өздөрүнүн идеяларын жана жасаган иштерин тааныштырышты. Иш-чарага мектеп администрациясы жана мугалимдер катышып, окуучулардын аракетине баа беришти.

Жыйынтыгында мыкты катышуучулар баалуу белектер жана сертификаттар менен сыйланышты. Мугалимдер менен уюштуруучулар мындай долбоорлор жаштардын экологиялык аң-сезимин жогорулатып, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгилешти.

«Эко-Лидер-Мектеби» долбоору окуучулар үчүн пайдалуу тажрыйба болуп, жаратылышка аяр мамиле кылган жаш лидерлерди тарбиялоого багытталган маанилүү демилгелердин бири болду.

Бурул Майрамбек кызы