Бүгүн Ак-Талаа районунда советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага афган ардагерлери, бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, мугалимдер жана окуучулар катышты.





Иш-чаранын алкагында, алгач афган ардагерлери Баетов айылындагы Афган жана Баткен согушунда курман болгон жоокерлер үчүн тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшуп, маркумдарга Куран окутулду.
Андан соң, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мектептин аскерге чейинки даярдоо мугалими Шаршенбек Мурзабеков тарабынан даярдалган аскердик-маданий салтанат тартууланып, анда окуучулар сапка тизилүү, аскердик басуу, автоматты чачып-жыйноо өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле эле эле окуучулар ардагерлерге, келген меймандарга арналган чакан концерт тартуулашты.







Андан соң, район акими Мирлан Камчыбеков баш болгон айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, коомдук уюмдун төрагалары ардагерлерди куттукташты. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ардагерлерге 20 миң сом, ыраазычылык кат жана ардак грамоталар ыйгарылып, ал эми айыл өкмөттөр тарабынан ар бир ардагерлер 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин майрамдык сыйлык берилди. Мындан тышкары, аскер комиссариаты тарабынан тарабынан дагы айрым ардагерлерге сыйлыктар тапшырылды.








Аталган иш чара Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жана ардагерлер кеңешинин төрагасы, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин аскерге чейинки даярдоо мугалими Шаршенбек Мурзабеков менен биргеликте уюштурулду.

Афганистандагы жарандык согушка Ак-Талаа районунан 51 жоокер катышып, алардын ичинен 1 жоокер курман болуп, 50 жоокер аман-эсен кайтып келишкен. Келгенден кийин алган жараттарынан улам 7 ардагер каза болгон.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова