Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Турусбек атындагы орто мектебинин мугалимдери «Окутуунун интерактивдүү жана инновациялык меттоддору» программасы боюнча 100 саат көлөмдөгү кыска мөөнөттөгү дасыгууну жогорулатуу курсунан өтүштү. Мугалимдерге курсту “Багыт КЖ” окуу борборунун тренери Мээрим Курманбекова өткөрдү. Тренингдин жүрүшүндө мугалимдер интерактивдүү методдордун ар кандай түрлөрүн үйрөнүп, аларды сабакта натыйжалуу колдонуу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Үйрөнгөн методдорун мугалимдер окуучулар менен сабак учурунда колдонуп, тренердин катышуусунда практикалык сабактарды өткөрүштү.


«Мугалимдер жаңы ыкмаларды жана оюндарды колдонуп, тажрыйба аркылуу окутуу технолгияларын үйрөнүштү. Жалгыз мугалим эмес, бүтүндөй класс иштейт окуучулар жеке, жупта жана топтордо иштөө менен бири-бирин окутушат. Класстагы 45 окуучунун ар бири сабакта активдүү болууга мүмкүнчүлүк алат. Тартынчаак окуучулар топ ичинде ачылып, билим алууга болгон кызыгуусу ойгонот. Учурда Кыргызстан боюнча 50гө жакын мектеп интерактивдүү ыкмаларды ийгиликтүү колдонууда. Биздин максат ар бир бала сабакта активдүү болууга укуктуу. Биз салттуу «угуучу» класстан «иштөөчү» класска өтүүнү сунуштайбыз. Бул тренингке катышкан мугалимдер агартуу министрлигинин алдындагы институт тарабынан жактырылган мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттарга ээ болушат» дейт «Багыт кж» окуу борборунун тренери Мээрим Курманбекова.
«Мугалимдер беш күндүк тренингтин жүрүшүндө интерактивдик методдорду жана тажрыйба аркылуу окутуу технологияларын үйрөнүштү. Жаңы ыкмаларды өздөштүрүп, аларды өз сабактарында колдонууга аракет кылышты. Бул методдор ар бир мугалим үчүн зарыл экенин түшүнүштү. Анткени интерактивдик ыкмалар окуучулардын активдүүлүгүн, өз алдынчалыгын жана эркин ой бөлүшүүсүн жогорулатарын тажрыйба жүзүндө көрүштү» дейт мектептин социалдык педагогу Турсункан Абдыгулова.


Даярдагандар: Азема Кудуева, Сумая Жумашбекова