Кечээ Нарын облусунда 3 күндүк пресс-турдун алкагында Нарын районунун Салкын-Төр жаратылыш паркында “Бозо фестивалы” өттү. Бул фестивалга Ак-Талаа районунун чеберлери тарабынан улуттук суусундук болгон бозону даярдоо процесси кеңири көрсөтүлүп, конокторго тартууланды.


Ошондой эле бозонун ар түрдүү татымал кошулуп жасалган түрлөрү, ”Нарын бренди” аталган жергиликтүү азык-түлүктөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн, уздардын көргөзмөсү уюштурулду.



Иш чарага 70ке жакын коңшу мамлекеттерден жана жергиликтүү журналист-блогерлерден катышып, маданият кызматкерлеринин ыр-күүлөрү коштоду.
Даярдаган:Барчын Мамытбекова