Кар калың жааган кыш күндөрү бала бакчаларыбызда өзгөчө шаңдуу маанай өкүм сүрүүдө. Тарбиячылар менен ата-энелердин колдоосу аркылуу бакчалардын короолорунда кардан ар түрдүү жомок жана мультфильм каармандары жасалды
Балдар сүйүктүү каармандарынын образын жаратууга активдүү катышып, фантазиясын ишке салып, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүшүүдө. Ар бир жасалган кар айкел бакчанын аймагына өзгөчө көрк берип, жомоктогудай атмосфера жаратты.


Мындай демилгелер балдарды эмгекчилдикке, ынтымакка жана табиятты сүйүүгө тарбиялап, кышкы сейилдөөнү кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүгө өбөлгө болууда.








Даярдаган: Аделина Бейшеналиева