Акыркы жылдары Нарын облусунда карышкырлардын көбөйүшү малчыларды кооптондуруп, мал чарбасына коркунуч жаратууда. Айрыкча тоолуу аймактарда жырткычтар айылга жакын келип, малга кол салган учурлар көбөйгөн. Мындай учурда тажрыйбалуу аңчылар малчыларга жардам берип, жырткычтардын санын азайтуу иштерине катышып келишет.
Нарын облусунда акыркы жылдары карышкырлардын көбөйүшү мал багуучулар үчүн олуттуу көйгөй жаратып келет. Айрыкча кыш жана эрте жаз айларында жырткычтар айыл четине чейин жакындап, кой-эчкиге кол салган учурлар көп катталууда. Бул учурда жергиликтүү элге жардам берип, карышкырларды атуу менен алектенген тажрыйбалуу аңчылардын эмгеги өзгөчө мааниге ээ
Алардын бири — Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында туулган Темирбек Кыдырбаев. Учурда Бишкек шаарында жашаганы менен, Нарын аймагына үзгүлтүксүз келип, малга коркунуч жараткан карышкырларды атуу иштерине катышып келет. Анын айтымында, бул иш жөн гана аңчылык эмес, элге жардам берүү жана малды коргоо максатын көздөйт.
«Карышкыр көбөйгөн жылдары малчылар өзү чакырып калышат. Биз топ болуп чыгып, изине түшүп, малга кол салган жырткычтарды жок кылабыз. Бул элдин амандыгы үчүн керек болгон иш. Аңчылыкка чыккан топ адатта бир нече кишиден турат. Ар кимдин өз милдети бар: айрымдары из кууп, айрымдары тосуп, айрымдары атууга даяр турушат. Бир нече жылдан бери шериктерим менен бирге көп жолу аңчылыкка чыгып, жакшы жыйынтыктарга жетиштик. »— дейт Темирбек Кыдырбаев.
Аңчынын айтымында, былтыркы сезондо ал жалпысынан 20 карышкыр аткан. Ал эми быйыл 2-февралда өткөн комиссияга 30 карышкыр өткөрүп берген. Жыл сайын карышкыр атылган учурда Агрардык өнүктүрүү башкармалыгы атайын комиссия түзүп, текшерүүдөн өткөрөт. Комиссиянын чечими менен өткөрүлгөн карышкырлар үчүн аңчыларга акчалай сыйлык берилет. Бул жолу да Темирбек Кыдырбаев 30 карышкыр өткөрүп берип, тиешелүү сыйлык алган.
Учурда карышкырлар өзгөчө Ак-Талаа районунда көп кездешип жатканы белгиленет. Ошондуктан аңчы көбүнчө ошол аймакка барып, жергиликтүү малчыларга жардам берип келет. Анын айтымында, быйыл Төлөк айылына бара элек, бирок мурунку жылдары ал жакка да бир нече жолу барып, карышкырларды атып кеткен. Малчылардын айтымында, карышкырлар көбөйгөн учурда алардын жардамы өзгөчө маанилүү болуп, малдын чыгымын азайтууга жардам берет. Ал эми жалпы эле айыл тургундары мындай жардамды жогору баалашат. Алар аңчылардын жардамы менен мал аман сакталып, элдин тынчтыгы камсыз болуп жатканын белгилешет.
Темирбек Кыдырбаевдин айтымында, кээде карышкырларды атууга мүмкүн болбогон учурлар да болот. Себеби, айыл эли өз билемдик менен карышкырларды атып жок кылууну көздөшөт. Жыйынтыгында, карышкырларды үркүтүп жиберишет, анан алар башка жакка орун которуп кетишет. Бирок бул чоң көйгөй жаратат, себеби, изин жашырган карышкырлардын туруктуу жери аныкталбай алар тез-тез малга кол сала башташат. Ушундай себептер менен Темирбек Кыдырбаев быйылкы жылы Төлөк айылына келе элек.
Жыйынтыктап айтканда, карышкырлардын көбөйүшү айрым аймактарда мал чарбасына зыян алып келүүдө. Мындай шартта аңчылардын көмөгү малчылар үчүн маанилүү болуп, айыл чарбасын сактоого өз салымын кошуп келет.
Даярдаган: Бурул Майрамбек кызы